Reporter.kg
Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Reporter.kg, News & Media Website, Frunze.
Reporter.kg — маалымат кенчи!
Баракчабызга жазылып, бардык маалыматтан кабардар болуңуз!
📲 Жаңылыктарыңызды WhatsApp жана ТГ аркылуу жибериңиздер: +996995232413
09/08/2026
9-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолу
Бүгүн, 9-августта, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
🔸 Чүй облусу — түнкүсүн 16…21°C, күндүз 32…37°C
🔸 Талас — 13…18°C, күндүз 29…34°C
🔸 Ош — 19…24°C, күндүз 32…37°C
🔸 Жалал-Абад — 19…24°C, күндүз 32…37°C
🔸 Баткен — 18…23°C, күндүз 31…36°C
🔸 Ысык-Көл — 12…17°C, күндүз 24…29°C
🔸 Нарын — 7…12°C, күндүз 27…32°C
🔸 Бишкек — 18…20°C, күндүз 34…36°C
Астанадагы LRT — шаардын көрүнүшүнүн бир бөлүгү гана эмес, күн сайын көп сандагы жүргүнчүлөрдү ташууга ылайыкталган толук кандуу коомдук транспорт.
Бир курам бир учурда ондогон автоунаага салыштырмалуу кыйла көп адамды ташый алат. Коомдук транспортту тандаган жүргүнчүлөр көбөйгөн сайын, өзгөчө кызуу маалда шаар көчөлөрүнө чыккан автоунаалардын саны азаят.
LRT менен биринчи жолу жүрүүнү пландап жаткандар үчүн транспортту кантип пайдалануу керектигин жана система кандай иштей турганын түшүндүрүп беребиз.
08/08/2026
2026-жылдын январь–июнь айларында Кыргызстанда айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү 4,3% өстү. Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына ылайык, бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасындагы үчүнчү көрсөткүч. Беларусияда өсүш 4,7%, Казакстанда 4,4% болду. Жалпысынан ЕАЭБ боюнча өсүш болгону 0,3% түздү.
Кыргызстан өткөн жылга салыштырмалуу темпин да кыйла тездетти. 2025-жылдын алгачкы алты айында өсүш 1,9% болсо, быйыл 4,3%га жетти. Ошол эле учурда Россияда айыл чарба өндүрүшү 0,8%, Арменияда 10,9% азайган.
Негизги өсүш мал чарбачылыгынын эсебинен камсыздалды. Союуга багытталган мал жана канаттууларды өндүрүү 4,5% көбөйүп, 211,6 миң тоннага, сүт өндүрүү 2,5% өсүп, 877,8 миң тоннага жетти. Жумуртка өндүрүү болсо 28,6% көбөйүп, 506,4 млн даананы түздү. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасындагы эң жогорку өсүш темпи.
08/08/2026
Жол коопсуздугун мекемелердин биргелешкен иши аркылуу күчөтүү пландалууда
Кыргызстанда жол кырсыктарын азайтуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу үчүн мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү пландалууда. Бул маселе 7-августта Саламаттык сактоо министрлиги жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму уюштурган тегерек столдо талкууланды.
Катышуучулар Нью-Йоркто 20–21-июлда өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын жол коопсуздугу боюнча жогорку деңгээлдеги жыйынынын жыйынтыктарын да карашты. Эл аралык милдеттенмелерди Кыргызстанда конкреттүү чараларга айландыруу пландалууда.
08/08/2026
Айрым аймактарда жаан жаайт: 8-августка карата аба ырайы
Бүгүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй жана Талас облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Түштүк облустардын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
🔸 Чүй облусу — түнкүсүн 17…22°C, күндүз 32…37°C
🔸 Талас облусу — түнкүсүн 12…17°C, күндүз 27…32°C
🔸 Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары — түнкүсүн 18…23°C, күндүз 31…36°C
🔸 Ысык-Көл облусу — түнкүсүн 12…17°C, күндүз 23…28°C
🔸 Нарын облусу — түнкүсүн 7…12°C, күндүз 24…29°C
🔸 Бишкек — түнкүсүн 19…21°C, күндүз 33…35°C
07/08/2026
«Нуркидс» платформасында балдар үчүн кыргыз тилиндеги оюндар, мультфильмдер, ырлар жана жомоктор жайгаштырылган. Анын мазмуну үзгүлтүксүз жаңыртылып, жаңы материалдар менен толукталып турат.
Долбоорду Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия колдоого алды. Кыргызстан элинин ассамблеясы, Улуттук банк жана балдар контентин түзүүчүлөр да платформа менен кызматташууга ниетин билдиришти. Кененирээк маалымат:
Кыргызстанда жаш балдар үчүн кыргыз тилдүү «Нуркидс» платформасы иштелип чыкты Кыргызстанда жаш балдар үчүн «Нуркидс» аталышындагы кыргыз тилдүү платформа иштелип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
Чолпон-Атада өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары соодадагы тоскоолдуктарды азайтуу, товарлардын чек арадан өтүүсүн тездетүү жана экономикалык кызматташууну чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кабыл алынган чечимдер сөз жүзүндө калбастан, иш жүзүндө натыйжа бериши керектигин белгиледи. Ал Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды кызматка дайындалышы менен да куттуктады.
Сиздин оюңузча, ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыкты дагы жакшыртуу үчүн эмнелерге көңүл буруу керек? Пикириңизди комментарийде бөлүшүңүз.
Бүгүн, 7-августта, күндүзү Бишкек шаарынын Элебесов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы маалымдады.
Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы үч бөлүм жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 14:38де толук өчүрүлдү.
Мекеменин маалыматында, өрттүн жалпы аянты болжол менен 300 чарчы метрди түзгөн. Окуянын кесепетинен жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
07/08/2026
Кийинки Евразия экономикалык форуму 2027-жылы Кыргызстандын ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгынын алкагында республикада өтөт. Садыр Жапаров форумга өнөктөш мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды тартууну сунуштады.
Президент өнөр жай жана агроөнөр жай комплексиндеги биргелешкен долбоорлорду жандандырууга, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн колдоо жана каржылоо механизмдерине бирдей жетүүсүн камсыз кылууга чакырды. Кененирээк маалымат: https://reporter.kg/sadyr-zhaparov-cholpon-atada-eaeb-olkolorunun-okmot-bashchylary-menen-zholugushtu-kengiri-maalymat/
Click here to claim your Sponsored Listing.
Category
Contact the business
Telephone
Website
Address
Frunze